Кыргыз элинин турмушунда улуттук оюн-зооктор көрүнүктүү орунду ээлейт. Эл арасында ар кандай элдик оюндар менен мелдештер өтө популярдуу. Алар ошондой эле көчмөндөр маданиятынын эң маанилүү элементтеринин бири болуп саналат. Анткени көчмөндөр үчүн зарыл болгон сапаттарды жана шыктарды маселен, ат чабышты, күчтү, шамдагайлыкты, чыдамкайлыкты жана тактыкты өнүктүрүүгө жардам берген.
Эң белгилүү оюндардын бири - ат чабыш. Аш-тойлордо уюштурулган. Аларга 100 кмге чейинки аралыкты чуркап өтүүгө жөндөмдүү делген эң чыдамдуу күлүктөр гана катыша алган. Жорго салыш ат чабышка окшош. Бирок анда ылдамдык менен чыдамкайлыктан тышкары, жорго салуунун чеберчилиги да ачык көрсөтүлгөн.
Учурда өтө популярдуукка ээ болуп жаткан оюндардын бири – улак тартыш. Оюн 3, 5 же 7 адамдан турган эки команданын катышуусунда ат минилип, кеңири аянтта ойнолуучу оюн. Негизги максат – 40 кг жакын салмактагы улакты каршылаш команданын тай казанына салуу. Оюн чындап эле абдан кызыктуу. Катышуучулар ат үстүндө минип туруп чеберчилик менен жерден улакты эңип алышат да бири-бирине өткөрүп беришет, же болбосо атаандаштарынан тартып алууга аракет кылышат.
Кыз куумай. Бул жигит менен кыздын ортосундагы романтикалуу оюн. Оюндун тартиби – кызга эң мыкты күлүк ат мингизилип, жигиттен бир канча аралыкта алдыда болот да, марш берилгенде алыстыкта турган жигит кызга чаап жетип анын бетинен өөп же болбосо баш кийими менен чабышы керек.
Оодарыш – атчан эки балбандын алышы.
Тыйын эңмей – атты ылдамдык менен чаап келип жерде жаткан тыйынды эңип кетмей болсо, жамбы атмай өнөрү – дал ошондой эле чаап келип жаа менен бутага таамай атуу.
Балбандардын сүйүктүү мелдеши кыргыз күрөшү. Анын негизги тартиби - атаандашын белинде байланган курдан колун албастан атаандашын жерге кулактуу. Ал эми “Ордо” оюну улуу муундун да, жаш муундун да сүйүп ойногон оюндарынын бири.
Айтыш. Көпчүлүк эл чогулуп эки төкмө акындын ыр куроо чеберчилигине назар салып, алардын ырларын угуп, өнөрлөрүнө күбө болушат.
Алты бакан. Жыгачтан жана аркандын жардамы менен жасалат. Бул селкинчексиз бир дагы майрамды элестетүүгө болбойт. Көбүнчө алар жуп болуп тебишип - бир жагына жигит, бир жагына кыз турат. Селкинчектер орнотулган жерде дайыма жаштар көп чогулуп, шаңдуу үндөр, күлкү тынымсыз жаңырат.
Улуттук оюндар көбүнчө чоң майрамдарда өткөрүлүп, айылдардын булуң-бурчунан көптөгөн катышуучулар жана көрүүчүлөр келишет.