Кыргыз элинин көчмөн турмушунун өзгөчөлүктөрү улуттук кийимдеринен эле байкалып турат. Биринчиден, ат үстүндө минип жүрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн кийимдерди жеңил кылып тигишкен. Экинчиден, кийим-кече бышык, ошол эле мезгилде жөнөкөй болуп, аны үй шартында оңой тигип алышкан.
Үчүнчүдөн, тоолуу аймакта жашаган эл үчүн бул кийимдер аларды сууктан эң мыкты коргошу керек болчу. Кийим даярдап кийүү үчүн негизги материал катары алар үй жаныбарларынын терилерин, жүндөрүн колдонушкан. Ал эми ак сөөк үй-бүлөлөр Улуу Жибек Жолу аркылуу алыскы шаарлардан алынып келинген кымбат баалуу кездемелерден тигилген кийимдерди кийе алышчу.
Эркектер менен аялдардын сырткы кийимдери чапан деп аталат. Ал халаттын бир түрү сыяктуу. Чапан кебезден же бышык жылуу жүн кездемеден тик жакалуу болуп тигилип, ага топчу кадалган. Кышында түлкү, карышкыр же сүлөөсүндүн терисинен жасалган тон же ичик кийишкен. Негизги салттуу бут кийимдери бул - түстүү оймо-чиймелер менен кооздолгон кончу узун, учу шуштуйган өтүктөр болгон.
Эркектер булгаарыдан түстүү жиптер менен тигилген кенен шым (чалбар, кандагай), көйнөк, кийиз чапан (кементай) кийишкен. Ак сөөк байлар зер буюмдарды тагынышкан. Эркектин бай-манап экенин далилдеп турган кемер куру болгон. Ал ар кандай кымбат баалуу таштар менен кооздолуп жасалган.
Аялдардын салттуу кийими узун ак көйнөктөн жана узун шымдан турган. Жаш кыз-келиндер түстүү баркыт чыптама кийишкен. Үй-бүлөлүү аялдар узун көйнөк менен кооз сайма сайылган белдемчи тагынышкан.
Кыргыз элинин салттуу кийимдеринде баш кийимдер өзгөчө орунду ээлеген. Эркектер кийген ак кийизден жасалган Ак калпак - кыргыз журтунун чыныгы символу болгон. Жука ак кездемеден чалма түрүндө жасалган баш кийимди элечек деп атап, аны турмушка чыккан никеси бар аялдар кийишкен.