БУЛ УЛУУ ТАРЫХТЫН БИР БӨЛҮГҮ БОЛ

Эзелтеден музыка кыргыз элинин турмушунда көрүнүктүү орунду ээлеп келген. Айылда бир дагы майрам музыкасыз өткөн эмес. Улуу-кичүү дебей жалпы чогулуп, чебер ырчы-чоорчулардын аткаруусундагы керемет күүлөрдү угушкан. Башка улуттар сыяктуу эле кыргыздардын да улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган өзүнүн салттуу музыкалык аспаптары бар.

Эң көп колдонулган аспап – комуз. Аны чебер усталар бир жыгачтан (көбүнчө арча, өрүк же жаңгак) жасашкан. Анын узундугу 80-90 смден ашпайт. Комузда үч кыл болот. Комузчу аспапты горизонталдуу абалда кармап, кылдарды сол колдун манжалары менен басып, оң колу менен чертет. Комузду ар кандай күүгө салышкан. Аны менен шаңдуу уккулуктуу күүлөр да, жан дүйнөнү козгогон муңдуу күүлөрдү да чертишкен.

Кыргыз элинин дагы бир белгилүү музыкалык аспабы – темир комуз. Ал темирден жасалгандыктан ушундай аталып калган. Бул аспаптан чыккан үн адаттан тыш жагымдуу жана өзгөчө угулуп, адамды өзүнө жипсиз байлап алат. Темир комузда көбүнчө аялдар менен балдар ойношот.

Кыл кыяк – эки кылдуу музыкалык аспап. Ал арча же өрүк жыгачынан чабылып, кылдары жылкынын жалынан же куйругунан жасалат. Кыл кыякты эки тизеге кыпчып кармап, жаасын ары-бери кыймылдатып ойношот. Андан чыккан үн бир укмуштуудай болуп, адамдын үнүнүн тембрин кайталагандай туюлат.

Чопо чоор — чоподон жасалган үйлөмө аспаптын бир түрү. Ал негизинен өлкөнүн түштүк аймагында көп тараган. Муну атайын жасалган бир аз узунураак оозу аркылуу үйлөп, тешиктерди ирээти менен басуу аркылуу ойноого болот.

Улуттук урма аспабы добулбас деп аталат. Бул үстү төөнүн териси менен капталган диаметри 30 смдей болгон барабан. Ойноп жатканда добулбастан өтө ритмикалык үн чыгат. Аны жортуулдарда, согуштарда же ар кандай ырым-жырымдарды өткөрүүдө көп колдонушкан.

Көрүнүп тургандай, бардык улуттук аспаптар колдо бар нерселерден жасалган. Бул материалдар музыкалык аспаптарга өзгөчө шаң берип, көчмөндөрдүн эркиндиктин кайталангыс рухуна сугарып турган чебер усталар тарабынан бүгүнкү күндө да жасалып колдонулуп келет.

Фестивалга чейин убакыт калды

8
:
88
:
88
:
88