Бардык мезгилде кыргыз элинин негизги кесиби мал чарбачылык болуп кой, жылкы, топоз жана төө багышкан. Мал жандыктарды багуу үчүн алар дайыма бир жерден экинчи жерге көчүп-конуп турушкан. Күн жылый баштагандан тартып көчмөндөр бийик тоолорго жайлоого чыгышса, кыштын келиши менен өрөөндөргө кыштоолорго түшүшкөн.
Кыргыздар үчүн жайлоого көчүү ар дайым чоң майрам болуп келген. Майрамдык кооз кийимдерди кийишип, жаңы конуштарга көчүшкөн. Төөлөр менен аттар оймо-чиймелүү ажайып килемдер менен жабылган. Көчтүн алдында кымбат зер буюмдар менен шөкөттөлгөн эң сулуу кыз жүргөн. Кербендин жолу кайсы бир конуш аркылуу өтсө, анда анын тургундары көчмөндөрдү меймандостук менен тосуп алышып, суусундуктарын сунушуп, аларга ак жол каалашкан. Кайсы бир уруу жайлоого биринчилерден болуп көчүп келсе, демек салт боюнча кийинки келген урууларга даамдарды даярдашкан.
Күзүндө кайра көчүп кетер алдында кыргыздар кийинки жылы бул жерге аман-эсен кайтып келүү үчүн кулундар байланган желедеги казыктардын түбүнө бир аз айран же кымыз куюшуп ырым-жырым жасашкан.
Көчмөндөр мал-жандыктарын өтө кылдаттык менен карашкан. Күндүз мал багууну салттуу түрдө эркектер жасачу. Түнкүсүн бул кызмат аялзатына жүктөлгөн. Алар малды жырткычтардан, жиндерден коргоо үчүн атайын бекбекей ырын ырдашкан. Торпоктун, козунун, ботонун же тайдын туулушу үй ээлери үчүн ар дайым чоң кубаныч болуп келген.
Көчмөн элдин дагы бир маанилүү иши аңчылык болгон. Шамдагай мергенчилер тоолуу аймактарда кыйналбай жүрүү үчүн көптөгөн шаймандарга эгедер болушкан. Алар негизинен карышкыр, кийик жана тоо текелерге аңчылык кылышкан. Бул үчүн алар колго үйрөтүлгөн тайгандарды жана бүркүттөрдү колдонушкан.
Кылымдарды карыткан салттуу көчмөн турмуштун элементтери кыргыз эли тарабынан бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Шаарлардан алыс жайлоолордо, кооз жаратылыштын арасынан жергиликтүү тургундардын боз үйлөрүн жана эбегейсиз үйүр малдарын азыр да кезиктире аласыз.