БУЛ УЛУУ ТАРЫХТЫН БИР БӨЛҮГҮ БОЛ

«Кыргыз көчү» кыргыз элинин салттуу жашоо-турмушуна жөн гана назар салып коюуну эмес, а анын бир бөлүгүнө айланууну сунуштайт. Бизге кошулуу менен сиз кыргыз элинин байыркы каада-салттарын колдонуу аркылуу бир жерден экинчи жерге көчүүгө катыша аласыз. Бул саякатта көчмөн турмуштун шарына кошулуп, укмуштуудай элдин маданиятына, үрп-адатына ортоктош болосуз!

 

 

Кыргыз эли байыртадан бери мал багуу менен алектенип кой, жылкы, топоз жана төө багып келишкен. Алардын жашоосу жайыт издеп көчүп, конуу менен бекем байланышкан. Күн жылый баштаганда жайлоого чыгып, кыштын келиши менен өрөөндөргө кыштоого түшүшкөн. Жаңы конушка көчүү чыныгы майрамга айланган. Кербендерди кооздоп, төөлөргө жана аттарга кооз жабууларды жаап, аземделген ат минген сулуу кыз көчтүн алдында жүргөн. Кербендерди жолду карай тосуп алышкан конуштардын тургундары аларга меймандостук көрсөтүп, даам оз тийгизишип, суусундарын кандырып ак жол каалашкан. Күзүндө кайра көчүп келе жатканда да ар түрдүү ырым-жырымдарды жасашкан. Көчмөндөр мал-жандыкка өзгөчө көңүл буруп, күндүз малын жайып, түнкүсүн сак кайтарышкан. Ошондой эле атайын иттер менен алгыр куштар аркылуу карышкырларга, кийиктерге жана тоо текелерге мергенчилик кылышкан. Бул кылымдарды карыткан каада-салттар азыр да сакталып, бүгүнкү күндө да кооз жаратылыштын курчоосундагы боз үйлөрдү жана эбегейсиз үйүр-үйүр малдарды кездештирүүгө болот. “Кыргыз көчү” ар бириңиздерди мына ушул ата-бабабыздын байыркы каада-салттарынын дүйнөсүнө, кыргыз элинин маданиятына чогу бирге сүңгүп кирүүгө чакырат.

Фестивалга чейин убакыт калды

8
:
88
:
88
:
88