БУЛ УЛУУ ТАРЫХТЫН БИР БӨЛҮГҮ БОЛ

Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү кылымдар бою өнүгүп келген. Ал күнүмдүк турмуштагы муктаждыктарды эске алуу менен калыптанып, көбүнчө көчмөн турмуштун таасири тийип турган. Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн негизги түрлөрү катары кийиз өнөрүн, токуучулукту, саймачылыкты, узчулукту, зергерчиликти жана жыгач, темир устачылыкты бөлүп көрсөтүүгө болот.

Кийизден буюмдарды жасоо өнөрү көчмөндөрдүн турак-жайы – боз үй менен тыгыз байланышта. Оймо-чиймелер менен кооздолгон кийиз килемдер “Шырдак” деп аталып, алар боз үйдүн жасалгасынын маанилүү элементи болуп саналат. Шырдак койдун жүнүнөн жасалат. Кийизди атайын ар кандай түскө боёп, оймо-чиймелер менен кесип, анан дыкаттык менен тигип жасашкан. Шырдактын көлөмү көбүнчө эки-төрт метрди түзөт. Ала кийиздин да мааниси чоң. Анын шырдактан айырмасы кийиз оюмдарынын бири-бирине кошуп тигилишинде эмес, чогу бирге бышырылып жасалганында.

Килем жасоо өнөрү да эл арасында кеңири таралган. Алар түстүү жүндөн биригип токулган чий сабагынан жасалат. Килемчелер күнүмдүк турмушта кеңири колдонулат. Алар нымдуулуктан сактоо үчүн кийиз килемдердин астына төшөлгөн боз үйдүн бир бөлүгү.

Саймачылар да өз өнөрлөрү менен таанымал. Алар кездемелерге, булгаарыга, кийизге оймо-чиймелерди чебер сайышат. Уздар дубал бетине илинген туш-кийиздерди да жасашат. Мындай килемдердин ортосу көбүнчө бир түстүү келип, четтери көз жоосун алган керемет түстүү оймо-чиймелер менен жээктелет. Бул кооздуктар көбүнчө улуттук баштыктарда жана текчелердин жабууларында көп кездешет.

Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан булгаарыдан жасалган буюмдарды уникалдуу деп атоого болот. Кийим-кечелерди, бут кийимдерди жасагандан тышкары, суюктуктар үчүн идиштерди (сабаа, чанач, көөкөр) жана ат жабдыктарын жасашат.

Жыгач усталар карагай, арча, терек сыяктуу жыгачтын ар кандай түрлөрүнөн идиш-аяктарды, сандыктарды, кутуларды жана музыкалык аспаптарды жасашат.

Зергерлердин чеберчилиги да өзгөчө бааланат. Кыргыздар үчүн күмүш ыйык металл болуп эсептелинген. Аны кооздук үчүн гана колдонушпастан, жиндерге каршы тумар катары да тагынышкан. Кыргыз айымдарында күмүш шакек, билерик, сөйкө жана чач учтук бүгүн да абдан популярдуу.

Сиз мына ушул кол өнөрчүлүк борборлоруна, устаканаларга, көргөзмөлөргө же атайын дүкөндөргө барып элибиздин көркөм кол өнөрчүлүгү менен таанышып, ал тургай айрым буюмдарды сатып да ала аласыз.

 

Фестивалга чейин убакыт калды

8
:
88
:
88
:
88