Бир жерден экинчи жерге тынымсыз көчүп конуу көчмөндөрдүн жашоо образына мүнөздүү көрүнүш. Ошондуктан оңой тигилип, кайра бат жыйналып көчүп кетүүгө ыңгайлуу турак жай боз үй болуп саналат.
Боз үйдүн негизин бир нече элементтерден турган жыгач курулмалар түзөт. Аны орнотуу эшиктин босогосунан башталат. Ал көбүнчө түштүк же түштүк-чыгышты караган. Айланасы кереге менен курчалат. Аларга ууктардын бир учу байланып, башы түндүктөгү атайын тешилип даярдалган орундуктарга сайылат. Түндүк боз үйдүн ичине күндүн нурун тегиз чачууга, ошондой эле ичтеги түтүндү сыртка чыгаруу үчүн кызмат кылат. Түндүк – кыргыз элинин эң белгилүү символдорунун бири. Ал өлкөнүн желегинде чагылдырылган. Боз үйдүн сыртына чий, андан соң калың кийиз туурдук, ал эми ууктардын үстүнө болсо үзүк жабылат. Босого эшиктин үстүнө да кийиз менен жабылып, айрым учурда кош эшик да орнотулган.
Боз үйдүн ортосунда очок – коломто бар. Боз үйдүн төр жагына сандыктар коюлуп ага жууркан жыйылып, жаздыктар коюлат. Ал жерге үй-бүлө башчысы же сыйлуу коноктор олтурат. Боз үйдүн оң тарабы “эпчи жак” деп аталып ал жакка айымдарга тиешелүү буюм-тайымдар коюлат. Ал эми сол тарабы “эр жак” деп аталып, ал жакка эркектерге тишелүү ээр, ат жабдыктар менен курал-жарактар коюлат. Боз үйдүн асты жана ички капталдары кооз оймо-чиймелүү килемдер жана шырдактар менен кооздолгон.